Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Канадалык Silvercorp Metals компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат алтын кенинин Түлкүбаш жана Кызылташ тилкелерин иштетүү үчүн 60 млн доллар которду. Бул тууралуу инвесторлордун презентациясында маалымдалат.

Компаниянын лицензиясы 30 жылга (2062-жылга чейин) узартылгандан кийин каражатты Кыргызстандын инвестициялар боюнча улуттук агенттигине которгон. Тараптар сүйлөшүлгөндөй биргелешкен ишкана түзүлдү, Silvercorp компаниясы үлүштүн 70 пайызына, "Кыргызалтын" ААКсы милдеттүү каржылоосуз 30 пайызына ээлик кылат. Silvercorp долбоордун оператору болот.

Түлкүбаш тилкесинде курулуштун бюджети 166,3 млн долларды түзөт. Кызылташ тилкесинде 16 бургоолочу скважина иштейт. Компания 29 скважинанын жыйынтыктарын көрсөткөн кошумча анализдерди күтүүдө.

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында министрлер кабинети компания менен аталган кендин 2 тилкесин иштетүү долбоорун бекиткен.

Мындан тышкары окуңуз

Балык чарбалары үчүн тоют импорту боюнча маселе жаралууда

Балык чарбалары үчүн тоют импорту боюнча маселе жаралууда

Кыргызстандын Агрардык өндүрүш комплексин өнүктүрүү ассоциациясы балык чарбасына керектелүүчү тоюттарды импорттоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасына кайрылуу жолдоду. Ассоциациянын билдирүүсүндө - маселе балык өстүрүү тармагынын туруктуу иш үчүн маанилүү экени белгиленет. Тоюттарды жеткирүүнү кескин чектөө балык чарбаларында башталган өндүрүштүк циклдерге жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууга тобокелдик жаратышы мүмкүндүгу айтылат. Ошол

Ишкер Media
Бизнес үчүн инвестициялык механизмдерди киргизүү боюнча Дүйнөлүк банк менен келишим түзүлдү

Бизнес үчүн инвестициялык механизмдерди киргизүү боюнча Дүйнөлүк банк менен келишим түзүлдү

Кыргызстанда бизнеске каражат тартуунун жаңы механизмдерин өнүктүрүү боюнча Экономика жана коммерция министрлиги менен Дүйнөлүк банк тобунун ортосунда кызматташтык жөнүндө келишим түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, документке 7-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов менен Дүйнөлүк банк тобунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл

Ишкер Media
Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 80 млрд сомго жакындады

Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 80 млрд сомго жакындады

Кыргызстанда 2025-жылы мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 80 млрд сомго жакындады. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 24,6% көп. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасынын керектөө рыногу 2021–2025” басылмасында белгиленген. Аталган маалыматка ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу бул тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2,6 эсеге өскөн. Жалпы көлөмдүн

Ишкер Media
Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында өзүнүн бир катар ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр банктардагы, банк эмес финансы-кредит уюмдарындагы, төлөм уюмдарындагы жана алмашуу бюролорундагы ички көзөмөл, укук бузууларды кароо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү талаптарын камтыйт. Маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири - банктарда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти

Ишкер Media