Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында өзүнүн бир катар ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр банктардагы, банк эмес финансы-кредит уюмдарындагы, төлөм уюмдарындагы жана алмашуу бюролорундагы ички көзөмөл, укук бузууларды кароо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү талаптарын камтыйт.

Маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири - банктарда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча аудит жүргүзгөн ички аудит кызматкерлеринин тиешелүү сертификаты болушу керек.
  • Ошондой эле накталай чет өлкө валютасын алмаштырууда кардарларды жана алардын ишенимдүү адамдарын идентификациялоо жана санкциялык тизмелер боюнча текшерүү талаптары такталды.
  • Эгер жеке адам чет өлкө валютасын 1 млн сомго барабар же андан көп суммага сатып алса же сатса, кардарды анкета аркылуу идентификациялоо, ошондой эле бенефициардык ээсин аныктоо жана санкциялык тизмелер боюнча текшерүү жүргүзүлөт.
  • Мындан тышкары, Улуттук банктын укук бузуулар боюнча иштерди кароо тартиби жаңыланды. Комиссиянын чечимдери Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат системасына киргизилет.
  • Айып пул белгиленген мөөнөттө төлөнбөсө, ар бир кечиктирилген күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 1% өлчөмүндө туум эсептелет. Туумдун жалпы өлчөмү мыйзамда белгиленген максималдуу чектен ашпоого тийиш.

Өзгөртүүлөрдүн айрымдары 2027-жылдын 1-январынан жана 1-апрелинен тартып күчүнө кирет, калган жоболор расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин иштей баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 80 млрд сомго жакындады

Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 80 млрд сомго жакындады

Кыргызстанда 2025-жылы мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 80 млрд сомго жакындады. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 24,6% көп. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасынын керектөө рыногу 2021–2025” басылмасында белгиленген. Аталган маалыматка ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу бул тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2,6 эсеге өскөн. Жалпы көлөмдүн

Ишкер Media
Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Канадалык Silvercorp Metals компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат алтын кенинин Түлкүбаш жана Кызылташ тилкелерин иштетүү үчүн 60 млн доллар которду. Бул тууралуу инвесторлордун презентациясында маалымдалат. Компаниянын лицензиясы 30 жылга (2062-жылга чейин) узартылгандан кийин каражатты Кыргызстандын инвестициялар боюнча улуттук агенттигине которгон. Тараптар сүйлөшүлгөндөй биргелешкен ишкана түзүлдү,

Ишкер Media
Ишкерлер “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун  талкуулашты

Ишкерлер “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун талкуулашты

Баткен шаарында “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга арналган ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушуу өттү. Жолугуушуга 100дон ашык тургун катышып, “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнун  төрагасынын орун басары Гайыпов Улан Абдурасуловичтин торагалыгынын алдында отту.  “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан маалымдагандай, иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге холдингтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик финансылык

Ишкер Media
Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү

Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү

Улуттук банкы кечээ 2026-жылдын башынан берки 12-валюталык интервенциясын өткөрдү. Ага ылайык, валюта рыногунда 207,55 млн доллар сатылды. Бул жыл башынан берки көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп саналат. Расмий сайттагы маалыматтарга таянсак, жогоруда аталган жалпы сумманын 27 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен, дагы 180,55

Ишкер Media