Умра кызматын 34 туристтик компания көрсөтөт
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 7-октябрь күнү 2026-2027-жыл ичинде умра сапарын уюштуруп, иш алып баруучу туристтик компанияларды акрредитациялоонун жыйынтыгын чыгарды. Ал боюнча 34 компания сертификатка ээ болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Жыйында муфтийдин орун басары Шакиржан ажы Маматов эми аккредитациядан өткөн компаниялар менен жаңы келишимдердин негизинде кызматташтык жүргүзүлөрүн маалымдады. Муфтият ибадатка барууну каалагандарды өздөрүнүн коопсуздугу жана укуктарын коргоо максатында аккредитациядан өткөн компаниялар аркылуу гана барууга чакырууда.
Дин башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан аккредитациялоо процесси муну менен жыйынтыкталбайт. Каалаган компаниялар белгиленген талаптарга ылайык документтерин тапшырып, аккредитациядан өтө алышат.