Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин башчыларына электрондук сооданы өнүктүрүүнү сунуштады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, "Аваза" комплексинде өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышты.
Анын жүрүшүндө өлкө башчысы сөз сүйлөп, аймактагы өлкөлөрдүн мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарына токтолду.
Президент өнөр жай кооперациясына өзгөчө көңүл буруп, өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү жана логистика тармактарында өз ара пайдалуу конкреттүү долбоорлорду аныктоону сунуштады.
Өзүнчө багыт катары Президент электрондук сооданы өнүктүрүүнү белгиледи. Практикалык кадам катары бизнес өкүлдөрүнүн жана керектөөчүлөрдүн аймактык продукцияга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн түзүүнү шарттаган Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү сунушталды.
Анын айтымында, электрондук сооданы өнүктүрүү жеткирүү, кампада сактоо, бажылык тариздөө жана товарларга көз салууну камтыган тиешелүү логистикалык инфраструктураны түзүү менен коштолууга тийиш. Кыргыз тарап бул демилгени ишке ашыруу үчүн Жогорку технологиялар паркынын адистеринин потенциалын пайдаланууга даяр.
Мындан сырткары, Жапаров транспорттук каттамдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл бурду.
"Биздин багытыбыз өлчөнө турган натыйжалар болушу керек: жеткирүү наркын төмөндөтүү жана жолдо жүрүүгө кеткен убакытты кыскартуу. Ошол эле учурда ар бир өлкө аймактык транспорттук долбоорлорго толук кандуу катышууга жана алардан экономикалык пайда алууга мүмкүнчүлүк алышы керек", - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Ошондой эле Президент жалпы туристтик мейкиндикти түзүү элдердин жакындашуусу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.