“Датка–Кемин” аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
Энергетика министрлигинин тапшырмаларынын алкагында энергетикалык объектилерди күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо боюнча иштер Нарын облусунда уланууда. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилине карата даярдык кызуу жүрүп жатат.
Аталган мекеменин филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы күз-кыш мезгилине 99 % даяр.
2026-жылга пландалган капиталдык оңдоо иштери 49,5 чакырым электр чубалгысында жүргүзүлүп, белгиленген көлөм толугу менен аткарылды.
Маалыматка ылайык, электр чубалгыларындагы эскирген изоляторлорду жаңылоо боюнча пландалган 7789 даана изолятор толугу менен алмаштырылды.
Мындан тышкары, аба чубалгыларын табигый факторлордон коргоо жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу багытында да иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, 35 кВ “Кара-Кече–Карьер” аба чубалгысында суу жеп кетүү коркунучу жаралган тилкеде 3 электр мамысы коопсуз жерге жылдырылып, линиянын ишенимдүү иштеши камсыздалды.