Жарандар Дастан Бекешовдон жардам сурап кайрылышты

Жарандар Дастан Бекешовдон жардам сурап кайрылышты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жарандарды кабыл алуу учурунда көтөрүлгөн бир катар маселелер тууралуу социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Анын маалыматына караганда, “Мадина” базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлер иштеген жеринен ажырап, насыялык милдеттенмелер менен калганын айтышкан. Алар төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууну, көчүүгө кеткен чыгымдарды компенсациялоону жана өрт үчүн жооптууларды жоопкерчиликке тартууну суранышкан.

Ал эми Көк-Жар айылынын тургундары жеке үйлөрдүн арасына көп кабаттуу үйлөрдүн курулуп жатканына нааразы болушкан. Депутаттын айтымында, жашоочулар буга чейин прокуратурага кайрылып, соттук териштирүүлөргө да катышкан, бирок маселе чечилбей келет.

Дагы бир жаран жер мунапысына байланыштуу башка адамдар талашып жаткан жер тилкесин коргоп берүү маселеси менен кайрылган.

Мындан тышкары, Enactus уюмунун жаштары автоунаа жуучу жайларда колдонулган сууну тазалап, кайра пайдалануу долбоорун сунушташкан. Бекешов суу үнөмдөөгө байланыштуу мыйзамдык талаптар мындай демилгелерди колдоого жардам берерин белгиледи.

Депутат жогорудагы кайрылуулардын ар бири боюнча маселелерди карап чыгып, тиешелүү чечимдерге жетишүүгө аракет кыларын билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

“Датка–Кемин” аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

“Датка–Кемин” аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Энергетика министрлигинин тапшырмаларынын алкагында энергетикалык объектилерди күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо боюнча иштер Нарын облусунда уланууда. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилине карата даярдык кызуу жүрүп жатат. Аталган мекеменин филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы күз-кыш мезгилине 99 % даяр. 2026-жылга пландалган

Ишкер Media
Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин башчыларына электрондук сооданы өнүктүрүүнү сунуштады

Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин башчыларына электрондук сооданы өнүктүрүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, "Аваза" комплексинде өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышты. Анын жүрүшүндө өлкө башчысы сөз сүйлөп, аймактагы өлкөлөрдүн мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Президент өнөр жай кооперациясына өзгөчө көңүл буруп, өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө айыл

Ишкер Media
Умра кызматын 34 туристтик компания көрсөтөт

Умра кызматын 34 туристтик компания көрсөтөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 7-октябрь күнү 2026-2027-жыл ичинде умра сапарын уюштуруп, иш алып баруучу туристтик компанияларды акрредитациялоонун жыйынтыгын чыгарды. Ал боюнча 34 компания сертификатка ээ болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Жыйында муфтийдин орун басары Шакиржан ажы Маматов эми аккредитациядан өткөн компаниялар менен жаңы келишимдердин негизинде кызматташтык жүргүзүлөрүн

Ишкер Media
Жоктон барды кылдык... Казармандык мугалим кантип конок үйүн иштетип калды?

Жоктон барды кылдык... Казармандык мугалим кантип конок үйүн иштетип калды?

Биздин каарман Бактыгүл Чоробаева алыскы Казарманда жашайт. Ал өзү жашаган үйүнүн эки бөлмөсүн конок бөлмө кылып, ишкерликти баштаган. Келген туристке меймандос, жылуу мамилени көрсөтө билген Бактыгүл учурда жайлуу чакан Guesthouse Baktygul мейманканасынын ээси. Учурда экинчи мейманканасын куруп жатат. Ошол эле учурда мектепте балдарга англис тилинен сабак берет. Кыргызстанда мындан 20

Ишкер Media