Өлкөдө алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого 6 айга тыюу салуу сунушталды
Кыргызстанда алюминий сыныктарын жана калдыктарын өлкөдөн сыртка ташып чыгууга алты айга убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору бүгүн, коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, чектөө Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге да, үчүнчү өлкөлөргө да тиешелүү болот.
Кыргызстан жыл сайын 2,5–2,8 миң тонна алюминий калдыктарын экспорттойт. Долбоордун негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, акыркы жылдары Кыргызстандан алюминий сыныктарын жана калдыктарын экспорттоо туруктуу көлөмдө жүргүзүлүп келген. Атап айтканда:
- 2023-жылы — 2 767,7 тонна;
- 2024-жылы — 2 489,4 тонна;
- 2025-жылы — 2 699,5 тонна;
- 2026-жылдын январь–июнь айларында — 1 769,1 тонна.
Негизги экспорттук багыттар Россия, Өзбекстан жана Түркия болгон.
Ошол эле учурда Кыргызстанга алюминий калдыктарынын жана сыныктарынын импорту дээрлик жок экени белгиленген.
Азыркы тапта ата мекендик ишканалар чийки заттын жетишсиздигине туш болууда. Документте өлкөдө алюминийди кайра иштетүүгө адистешкен ишканалар иштеп жатканы айтылат. Алардын бири — "Стилекс" ЖЧКсы. Ишкана 2026-жылы өндүрүш объектилерин эки этап менен ишке киргизген.
Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 1 200 тоннага чейин алюминий профилин чыгарууга, ал эми чийки затты кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү 14 400 тоннага чейин жетет.
Мындан тышкары, Кыргызстанда 2023-жылдын 9-ноябрынан бери "Идра платформалар" ЖЧКсы иштеп келет. Анын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 12 миң тоннага чейин жеткени менен чийки заттын жетишсиздигинен улам толук пайдаланылбай жатат.
Долбоордун авторлору алюминий калдыктарын экспорттоону улантуу ата мекендик ишканалар үчүн жеткиликтүү чийки заттын көлөмүн азайтып, өндүрүштү кеңейтүүгө тоскоолдук жаратарын белгилешет.
Документте Армения менен Казакстан 2026-жылы түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого ушундай эле убактылуу чектөөлөрдү киргизгени да белгиленген.