Кыргызстанда дан жана картошка түшүмү кескин өстү

Кыргызстанда дан жана картошка түшүмү кескин өстү

Кыргызстанда 2026-жылы дан эгиндеринин, картошканын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү былтыркыга салыштырмалуу кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө караганда, күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү аягына чыгып калды. Дыйкандар 2,5 млн тоннага жакын дан жана 965 миң тонна картошка жыйнашты.

Чүй облусу дан жыйноо боюнча алдыда. Буудай жана арпа түшүмү дээрлик жыйналды. Дан үчүн өстүрүлгөн жүгөрү 671 миң тоннадан ашып, былтыркыдан эки эсеге көбөйдү. Жалпы дан былтыркыдан 714 миң тоннага көп жыйналды.

Өлкө боюнча 965 миң тонна картошка жыйналып, былтыркыдан 317 миң тоннага ашты. Негизги бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келет. Жашылча 891 миң тонна, бахча өсүмдүктөрү 240 миң тонна жыйналды.

Кант кызылчасынын үчтөн бир бөлүгү жыйналып, орточо түшүм гектарына 420 центнерди түздү. Түштүктө пахта жыйноо темпи былтыркыдан эки эсе жогорулап, кампаларга 16 миң тоннадан ашык пахта жеткирилди.

Түшүмдүн өсүшү ички рынокту азык-түлүк жана кайра иштетүү тармагын чийки зат менен камсыздоого өбөлгө түзөрү кошумчаланган маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

2026-жылы Кыргызстанда социалдык объектилердин курулушуна жана оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан жалпы 40 млрд 563 млн сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, республикалык бюджеттен 509 объекттин курулушуна 17 млрд 818 млн сом, ал

Ишкер Media
Сентябрда 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берилди

Сентябрда 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берилди

2026-жылдын сентябрь айында Сейсмо туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту республика боюнча 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Анын ичинен: • социалдык объекттер - 25; • турак жайлар - 22; • турак эмес жайлар - 11; • административдик имараттар - 5; • өндүрүштүк объекттер - 6; • башка объекттер - 5. Маалыматка караганда, инженердик-техникалык

Ишкер Media
Манас шаарынын күнүн белгилөөгө 1 млн сом каралган

Манас шаарынын күнүн белгилөөгө 1 млн сом каралган

2026-жылдын жергиликтүү бюджетинде Манас шаарынын күнүн өткөрүүгө 1 млн сом каралган. Майрамды кеңири масштабда жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кошумча каржылоо маселеси каралды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка караганда, быйыл Манас шаарынын күнү 5-ноябрда белгиленет. Белгилей кетсек, 5-ноябрга жылдыруу 2026-жылга гана тиешелүү. Кийинки жылдары шаар

Ишкер Media
Ысык-Көлдө май куюучу жайдын курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көлдө май куюучу жайдын курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Каракол шаарындагы Карасаев көчөсү 137Б дарегиндеги май куюучу жайга пландан тышкары текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү жергиликтүү тургундардын кайрылуусу боюнча жүргүзүлгөн. Объект учурда иштебей, реконструкция жүрүп жатканы аныкталган. Резервуар алмаштырылып, оператордук жайдын планы өзгөртүлүп, капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө. Объекттин

Ишкер Media