Сентябрда 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берилди

Сентябрда 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берилди

2026-жылдын сентябрь айында Сейсмо туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту республика боюнча 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Анын ичинен:

• социалдык объекттер - 25;

• турак жайлар - 22;

• турак эмес жайлар - 11;

• административдик имараттар - 5;

• өндүрүштүк объекттер - 6;

• башка объекттер - 5.

Маалыматка караганда, инженердик-техникалык корутундулар курулуш объекттеринин сейсмо туруктуулугун баалоо, техникалык абалын аныктоо жана долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн маанилүү.

Институттун бул багыттагы иши ар кандай багыттагы имараттардын абалы тууралуу объективдүү маалымат алууга жана курулуш коопсуздугун камсыздоо боюнча негизделген чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына дагы 70 жаңы мүчө кабыл алынды

Соода-өнөр жай палатасына дагы 70 жаңы мүчө кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президиумунун жыйынында 70 жаңы мүчө кабыл алынды. Бул тууралуу палатанын президенти Темир Сариев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык, алар өлкөнүн бардык аймактарынан келип, экономиканын ар кандай тармактарында иш алып барышат. Жыйында жаңы мүчөлөргө сертификаттар тапшырылып, алдыдагы иштерине ийгилик кааланды. Палатанын максаты ишкерлерди

Ишкер Media
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулдун арызын  "Түндүк"аркылуу берсе болот

"Балага сүйүнчү" жөлөк пулдун арызын "Түндүк"аркылуу берсе болот

2026-жылдын 14-октябры, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөк пулун тариздөө боюнча электрондук кызмат ишке киргизилди. Эми ата-энелер жөлөк пул алуу үчүн арызды смартфон аркылуу берип, калкты тейлөө борборлоруна барбастан эле кызматтан пайдалана алышат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Жаңы кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна тиешелүү модулду

Ишкер Media
Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

2026-жылы Кыргызстанда социалдык объектилердин курулушуна жана оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан жалпы 40 млрд 563 млн сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, республикалык бюджеттен 509 объекттин курулушуна 17 млрд 818 млн сом, ал

Ишкер Media
Кыргызстанда дан жана картошка түшүмү кескин өстү

Кыргызстанда дан жана картошка түшүмү кескин өстү

Кыргызстанда 2026-жылы дан эгиндеринин, картошканын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү былтыркыга салыштырмалуу кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү аягына чыгып калды. Дыйкандар 2,5 млн тоннага жакын дан жана 965 миң тонна картошка жыйнашты. Чүй облусу дан жыйноо боюнча алдыда.

Ишкер Media