Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдында атайын борбор түзүлдү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, борбордун негизги максаты - эки өлкөнүн ишканалары ортосунда түз байланыш түзүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү ачууга көмөктөшүү жана Кыргызстандын өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Башкы багыт даяр продукцияны импорттоо менен чектелбестен, Кыргызстанда кошумча нарк жараткан биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүү болуп саналат.
Борбор эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда өнөктөштүктү бекемдөөгө, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган аянтча болот.
Демилге ата мекендик ишканалар үчүн жаңы технологияларды өздөштүрүү, өндүрүштү кеңейтүү жана эл аралык рынокторго чыгууга кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.
Максат - Кыргызстанды соода жүргүзгөн гана эмес, өнөр жай продукциясын биргелешип өндүргөн өлкөгө айландырууга салым кошуу.