Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Насип Ширин” кондитердик ишканасы өндүрүш көлөмүн беш эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Новиковдун маалыматына ылайык, ишкана РКӨФтүн финансылык колдоосу менен өндүрүшүн кеңейте алды. Жаңы цехти ишке киргизүү үчүн аталган фонд “Элдик Банк” ААКсы аркылуу 8 млн сом каржылоо берген.

Бөлүнгөн каражат өндүрүштөгү негизги процесстерди автоматташтырууга жана чыгарылган продукциянын көлөмүн беш эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы айтылууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

13-октябрда Черногорияда өтүп жаткан "Европа - Азия" жогорку деңгээлдеги Аймактар аралык туристтик форумунун алкагында Кыргызстан менен Черногориянын туризм тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Маалыматка ылайык, форумдун алкагында агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен Черногориянын туризм министри Симонида Кордич жолугушту. Жолугушууга Черногориянын Кыргызстандагы ардактуу

Ишкер Media
Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугушкан. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи

Ишкер Media
Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдында атайын борбор түзүлдү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, борбордун негизги максаты - эки өлкөнүн ишканалары ортосунда түз байланыш түзүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү ачууга көмөктөшүү жана Кыргызстандын өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Башкы

Ишкер Media
Кыргызстанда 8 миңден ашык окуучу япониялык система менен тест тапшырды

Кыргызстанда 8 миңден ашык окуучу япониялык система менен тест тапшырды

Кыргызстанда япониялык TOFAS математикалык баалоо системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында 8428 окуучу тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, долбоор Япониянын SPRIX Inc. компаниясы менен биргеликте ишке ашырылып, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 28 мектеп катышууда. Бул тууралуу кече, Агартуу министрлигинде Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай

Ишкер Media