Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү
13-октябрда Черногорияда өтүп жаткан "Европа - Азия" жогорку деңгээлдеги Аймактар аралык туристтик форумунун алкагында Кыргызстан менен Черногориянын туризм тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, форумдун алкагында агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен Черногориянын туризм министри Симонида Кордич жолугушту. Жолугушууга Черногориянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Б.Асанов да катышты.
Тараптар эки өлкө ортосундагы туристтик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.
Черногориянын министри Симонида Кордич 2026-жылдын 2–6-сентябрында Кыргызстанга жасаган жумушчу сапары ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Анын айтымында, сапар Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга шарт түздү.
Өз кезегинде Эдуард Кубатов сапар эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоодо маанилүү экенин белгиледи. Жолугушууда Черногориянын туризмди өнүктүрүү, кадр даярдоо, инвестиция тартуу жана мейманкана бизнесин өркүндөтүү тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында эки ведомство ортосунда туризм жаатында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Келишим туристтик агымды көбөйтүү, биргелешкен маршруттарды жана продуктыларды иштеп чыгуу, тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо жана туристтик бизнести колдоону карайт. Документ эки өлкөнүн туристтик потенциалын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө багытталган.