Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет
Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Билдирүүгө караганда, бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугушкан.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун 2027-жылдын апрель айында Бишкекте өткөрүүгө макулдашты.
Маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдары эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 4,1 эсеге өскөн. 2026-жылдын январь–июль айларында соода көлөмү 1,4 млн долларды түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 32,4%га көбөйгөн.
Ошондой эле ноябрда өтө турган бизнес-форумга кыргызстандык компаниялардын катышуусу жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн түз байланыштарын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.