Кыргызстанда 8 миңден ашык окуучу япониялык система менен тест тапшырды
Кыргызстанда япониялык TOFAS математикалык баалоо системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында 8428 окуучу тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, долбоор Япониянын SPRIX Inc. компаниясы менен биргеликте ишке ашырылып, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 28 мектеп катышууда.
Бул тууралуу кече, Агартуу министрлигинде Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү жана япон компаниялары менен өткөн жолугушууда талкууланды.
Тараптар мектептик билим берүү тармагына санариптик технологияларды жана заманбап окуу материалдарын киргизүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Ошондой эле жолугушууда санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.