Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады
Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Бангладештин тышкы иштер боюнча катчысы Асад Алам Сиам менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, кыргыз продукциясын Бангладеш рыногуна чыгаруу, текстиль жана тигүү өнөр жайларында өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды.
Ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлор, фармацевтика жана халал индустриясындагы кызматташтык маселелери каралды.
Мындан тышкары, тараптар келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү, анын ичинде кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууну талкуулашты.
Бангладеш тарап соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында кыргыз делегациясын 2027-жылы Бангладешке сапар менен келүүгө чакырды.
Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.