Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад аймактарына жумушчу сапар менен барып, эки маанилүү инфраструктуралык долбоордун курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Иш сапарынын жүрүшүндө ал курулуш аянтчаларын карап чыгып, иштин жүрүшүн жана сапатын баалап, адистердин жана подрядчылардын отчетторун укту.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ош эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын курулушу 2026-жылдын аягына чейин бүтөт. Учурда Ош эл аралык аэропортунда аянты 25 миң чарчы метрден ашкан жаңы терминал курулуп жатат. Ал аэропорттун жүргүнчүлөрдү тейлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Ошондой эле Самидинов жаңы Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулушун да текшерип чыкты. Билдирүүгө караганда, анын долбоорунун алкагында заманбап аэровокзал комплекси жана учуп-конуу тилкеси курулуп, 2027-жылдын үчүнчү кварталына чейин аяктоо пландалууда.

Иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапатына, колдонулган материалдарга жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media
Кыргызстан Түрк дүйнөсүнүн камсыздандыруу кызматташтыгына катышты

Кыргызстан Түрк дүйнөсүнүн камсыздандыруу кызматташтыгына катышты

Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү Түркияда өткөн Түрк дүйнөсү камсыздандыруу биримдигинин 5-эл аралык камсыздандыруу саммитине жана 2-жалпы жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекемден кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 2026-жылдын 8–11-октябрында өткөрүлдү. 8-октябрда Стамбул финансы борборунда 5-эл аралык камсыздандыруу саммити

Ишкер Media
Кыргызстанда жүгүртүүдөгү нак акча 324 млрд сомго жетти

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү нак акча 324 млрд сомго жетти

2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын жалпы көлөмү 324 млрд сомду түздү. Анын 30,9 млрд сому коммерциялык банктардын кассаларында сакталса, 293,1 млрд сому банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон. Мындай маалыматты Улуттук банк Кыргызстандагы нак акчанын жүгүртүлүшүнүн 2026-жылдын III - чейрегиндеги абалы тууралуу маалыматында белгилеген. Билдирүүгө

Ишкер Media
Кыргызстан менен Орусиянын салык кызматтары келишимге кол коюшту

Кыргызстан менен Орусиянын салык кызматтары келишимге кол коюшту

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бангкок шаарында өткөн Дүйнөлүк банк тобу жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады. Жыйындын алкагында ал мамлекеттик кызматтарды жана салыктык башкарууну санариптик трансформациялоого арналган панелдик талкууда сөз сүйлөдү. Ал санариптик өзгөрүүлөрдүн негизги максаты жөн гана технологияларды киргизүү

Ишкер Media