Кыргызстан менен Орусиянын салык кызматтары келишимге кол коюшту
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бангкок шаарында өткөн Дүйнөлүк банк тобу жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Жыйындын алкагында ал мамлекеттик кызматтарды жана салыктык башкарууну санариптик трансформациялоого арналган панелдик талкууда сөз сүйлөдү.
Ал санариптик өзгөрүүлөрдүн негизги максаты жөн гана технологияларды киргизүү эмес, мамлекеттик процесстерди өркүндөтүп, жарандар жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү экенин баса белгиледи.
"Санариптештирүүнүн максаты - кызматкерди компьютер менен алмаштыруу эмес. Максат - мамлекеттик система өз алдынча туура иштей тургандай шарт түзүү. Мамлекет автоматтык түрдө ала турган маалыматты эмне үчүн кайра талап кылышы керек? Ошондуктан биз салык кызматы маалыматтарды түздөн-түз экономикалык операциялардан алып, автоматтык түрдө талдай турган моделге өтүп жатабыз", - деди Шыкмаматов.
Жолугушуунун жыйынтыгында Алмамбет Шыкмаматов жана Орусиянын Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Юлия Шепелева салыктык башкаруу системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюшту
Тараптар 2021-жылдан бери уланып келе жаткан кызматташтыктын натыйжалуулугун белгилешти. Юлия Шепелева жаңы келишим Кыргызстандагы салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.