“Мурас” турак жай комплексиндеги 1104 батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды

“Мурас” турак жай комплексиндеги 1104 батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган эки турак жай комплексинен батирлердин ачкычын тапшыруу аземине катышты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул “Мурас” турак жай комплексинин 3-этабы. Буга чейин 2 этапка бөлүнүп, 2066 батир пайдаланууга берилген болчу.

Жаңы батирлердин ээлеринин кубанычын тең бөлүшкөн өлкө башчы чогулгандар алдында сөз сүйлөп, үйгө муктаждардын үй-жайлуу болушу менен бирге өлкөбүз стратегиялык максаттарды ишке ашырып жатканын белгиледи.

 “Урматтуу мекендештер! Бүгүн 1104 батирдин ачкычтарын өз ээлерине тапшырсак, бул аймактан 3170 батирдин курулушун толук бүткөрүп, берген болобуз. Алдыда 4-этабынын курулушун кийинки жылдын июнь айында бүтүрүү тапшырмасын бердим. Анда 1584 батир берилет. Ошентип, “Мурас” турак жай комплекси жалпы 39 блоктон турган 4754 батирди камтыйт.” – деп билдирди мамлекет башчы.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 9371 батир пайдаланууга берилип, жарандар өзүлөрүнүн жаңы үйлөрүндө жашап жатышат. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн жети дубанында, 65 объектиде 83 миңден ашуун батирдин курулушун жүргүзүп жатат.

Билдирүүгө караганда, бүгүн “Мурас” турак жай комплекси менен бир эле убакта шаарыбыздын Кара-Жыгач конушунда 105 батирлүү жаңы турак жайдын ээлерине дагы онлайн негизде ачкыч тапшыруу аземи болуп өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген. ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян

Ишкер Media
DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

Кыргызстанда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик лицейлердин 1 868 мугалими окутулуп, Scaffold методикасы беш кесиптик лицейде сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 13-14-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында DARYA долбоорунун Жогорку деңгээлдеги тобунун 5-жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана

Ишкер Media
Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Бангкок шаарында ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында 13-октябрда Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрлери жана борбордук банк жетекчилери үчүн тегерек стол өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди. Иш-чарага ЭВФтин аткаруучу директорунун орун басары Бо Ли катышты. Маалымдалгандай, жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 3,4 эседен көп. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылы милдеттүү автоунаа камсыздандыруусу (ОСАГО), турак жайды камсыздандыруу жана камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча жалпы 146 млн 679 миң

Ишкер Media