Манас шаарынын күнүнө жергиликтүү бюджеттен 5 млн сом бөлүндү

Манас шаарынын күнүнө жергиликтүү бюджеттен 5 млн сом бөлүндү

2026-жылдын жергиликтүү бюджетинде Манас шаарынын күнүн өткөрүүгө жыл башында 1 млн сом каралган. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка караганда, быйыл Манас шаарынын күнү 5-ноябрда белгиленет. Майрамды кеңири масштабда жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кошумча каржылоо маселеси каралып, 9 айдын жыйынтыгы менен дагы 4 млн сом бөлүндү. Ошентип жалпы карлылоо 5 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, 5-ноябрга жылдыруу 2026-жылга гана тиешелүү. Кийинки жылдары шаар күнү мурдагыдай эле 27-сентябрда өткөрүлөт.

Шаардык мэрия майрамды жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдык көрүп жатканын билдирди.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун 5-ноябрдагы майрамдык иш-чарага чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media
Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Мамлекет башчысынын айтымында, Аксы районунун бюджети акыркы беш жылда эки эсеге көбөйдү. 2021-жылы райондун бюджети 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 308 млн сомго

Ишкер Media
Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Бишкекте бүгүн Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" экологиялык фестивалы өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Фестивалга Минкаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар, мэрия, ыктыярчылар катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media