Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды
Финансы министрлигинде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүгө даярдыгын баалоо боюнча миссия өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, эки күндүк миссия Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Азия-Тынч океан аймагын кырсыктардан кийин туруктуу калыбына келтирүүгө даярдоону жогорулатуу" техникалык жардам долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоорго Кырсыктарга даярдык боюнча Азия борбору жана БУУнун Кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу башкармалыгы катышууда.
Жолугушууга Финансы министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, БУУнун өкүлдөрү жана Техникалык жумушчу топ катышып, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, каржылык механизмдерди өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Талкууда учурдагы көйгөйлөр, муктаждыктар жана аларды чечүү жолдору каралды.
Жыйынтыкта өлкөнүн кырсыктарга даярдыгын күчөтүү жана калыбына келтирүү иштерин каржылоо механизмдерин жакшыртуу боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыгарылат.