Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт
20-октябрда саат 09:00дөн 20:30га чейин "Ала-Тоо-1" жана "Ала-Тоо-2" конуштарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда профилактикалык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык, өнөр жай объектилерине берилбейт.
"Бишкексууканал" ишканасы жашоочулардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранды.