20% жана андан көп киреше убада кылган компаниялардан сак болуу керек
Кыргызстанда айрым компаниялар жарандарга жылына 20% жана андан жогору кепилденген киреше убада кылып, акча салууну сунуштап жатышат. Бирок алардын тиешелүү лицензиялары же уруксаттары жок болушу мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы эскертти.
Мекеменин маалыматына ылайык, акыркы убакта жоопкерчилиги чектелген коомдор (ЖЧК) жана жабык акционердик коомдор (ЖАК) жарандарга “инвестициялык насыя келишимдерин” же “инвестициялоо келишимдерин” түзүүнү сунуштаган учурлар катталган.
Финкөзөмөлдүн түшүндүрмөсүндө, калктан акча каражаттарын белгилүү мөөнөткө, кайтарып берүү жана пайыз төлөө шарттарында тартуу банктык операция болуп саналары белгиленген. Мындай ишти тиешелүү лицензиясы бар финансылык уюмдар гана жүргүзө алат.
Ошондой эле компаниялар акцияларды же облигацияларды чыгарып, элге сунуштоодон мурда эмиссия проспектисин Финкөзөмөлдө каттоодон өткөрүшү керек.
Мекеме кадимки коммерциялык иш жүргүзгөн компаниялардын жарандардан массалык түрдө акча алып, пайыз төлөөнү убада кылган келишимдерди сунушташы мыйзамсыз финансылык же банктык иштин белгилерин камтышы мүмкүн экенин эскертти.
Жарандар эмнеге көңүл бурушу керек?
Финкөзөмөл акча салуудан мурда төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- Компаниянын лицензиясы же тиешелүү уруксаты бар экенин текшерүү. Бул үчүн Улуттук банктын расмий сайтына — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы же Финкөзөмөлдүн сайтына — Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы кирүүгө болот.
- Жылына 20% же андан жогору кепилденген киреше убада кылган жарнамаларга этият мамиле кылуу.
- Мыйзамсыз акча тартуу схемаларына шек жаралса, Финкөзөмөлгө же укук коргоо органдарына кайрылуу.