Картошка өндүрүүчүлөр өкмөттүн чечимине ыраазычылык билдиришти
Кыргызстандын картошка кластеринин өкүлдөрү ата мекендик өндүрүштү коргоо боюнча кабыл алынган чечимди кубаттап, Министрлер Кабинетине жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине ыраазычылык билдиришти.
Алардын айтымында, эрте бышуучу картошканын түшүмүн жыйноо башталгандан бери жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоо маселеси мамлекеттик деңгээлде бир нече жолу көтөрүлгөн.
«Мына, жыйынтык бар!» — деп белгилешти кластердин өкүлдөрү.
Ошол эле учурда алар мындай чечимдердин өз убагында кабыл алынышы маанилүү экенин, бирок мамлекеттик чаралар рынокту ар тараптуу талдоого жана өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна негизделиши керектигин билдиришти.