Кара-Суудагы курулуш объектисинин ээсине 200 миң сом айып салынды
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош башкармалыгы Кара-Суу районунун Ленин-Бак айылында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады.
Билдирүүгө караганда, текшерүүдө курулуш материалдарын өндүрүүчү объектинин курулушу долбоордон четтеп кеткени жана уруксат берүүчү документтери толук эместиги аныкталган.
Жыйынтыгында объект ээсине акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды мөөнөтүндө жоюу боюнча жазма эскертүү берилди.