Аңчылык эрежесин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайында аңчылык эрежелерин бузган факты аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги кабарлады.
Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору рейд учурунда жарандын түнкүсүн тепловизор колдонуп аңчылык кылганын аныкташкан. Бул аңчылык жүргүзүүнүн белгиленген талаптарын бузуу болуп саналат.
Факт боюнча административдик протокол түзүлүп, эреже бузган жаранга 12 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.