Мамлекеттик кызматкерлер үчүн сheck-up өткөрүү долбоору башталды
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди профилактикалык медициналык текшерүүдөн (сheck-up) өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министр Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, долбоордун алкагында түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Долбоордун максаты өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана алардын өнүгүшүнө алып келүүчү тобокелдик факторлорун эрте аныктоого багытталган.
Пилоттук долбоор Бишкек шаарында 2026-жылдын октябрь айынан 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. Программада текшерүүнүн бир нече топтому каралган. Алардын катарына базалык, терапиялык, ошондой эле ар кандай курактагы эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө топтомдор кирет.
Маалымдалгандай, медициналык текшерүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өздөрүнө ылайыктуу топтомду өз алдынча тандап, анын акысын төлөшөт. Пилоттук долбоордун алкагында текшерүү топтомдорунун баасы 2 029 сомдон 3 886 сомго чейин түзөт.
Долбоор аяктагандан кийин анын жыйынтыктарына, иш жүзүндөгү чыгымдарга жана текшерүүлөрдү уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүү пландалууда.