Бишкекте социалдык тармакты каржылоого жылына 823,8 млн сомдон ашат

Бишкекте социалдык тармакты каржылоого жылына 823,8 млн сомдон ашат

Бишкекте 19-октябрда Социалдык коргоо кызматкерлеринин күнү белгиленди. Салтанат Токтоболот Абдумомунов атындагы драмтеатрда өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага вице-мэр Рахат Мусаева жана шаардык кеңештин депутаты Өмүркан Ашанбаева катышты.

Майрамдын алкагында социалдык тармактын мыкты кызматкерлерине мэриянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Азыр борбор калаада 15 муниципалдык мекеме иштейт. Анда жалпы 691 кызматкер эмгектенет, анын 108и түздөн-түз элге барып жардам берген социалдык кызматкерлер. Алар жалгыз жашаган пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга үйүнөн кызмат көрсөтүшөт.

Жыл сайын 59 миңден ашуун бишкектикке 20 түрдүү социалдык жардам көрсөтүлөт. Бул үчүн шаар бюджетинен 200 млн сом бөлүнөт. Ал эми тармакты каржылоонун жалпы жылдык көлөмү 823,8 млн сомдон ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө алимент төлөбөгөндөрдүн карызы 6 млрд сомго жетти

Өлкөдө алимент төлөбөгөндөрдүн карызы 6 млрд сомго жетти

Кыргызстанда алимент төлөбөй жүргөн жарандардын жалпы карызы 6 миллиард сомго жакындады. Бул тууралуу "Спутник радиосуна" Сот аткаруучулар кызматынын өкүлү Болот Молдобеков билдирди.  Молдобековдун айтымында, алимент өндүрүү боюнча кайрылгандар көбөйүп, өндүрө албай даттангандар азайган.  "2026-жылдын тогуз айында ИИМге 1 623 материал жөнөтүлүп, 1 408 иш козголгону айтылды,

Ишкер Media
Сузакта 7 социалдык объектте курулуш иштери кайра жанданды

Сузакта 7 социалдык объектте курулуш иштери кайра жанданды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда курулушу токтоп калган жети социалдык объектте курулуш иштери кайра жанданды. Бул тууралуу 20-октябрда Курулуш министрлигинен кабарлашты. Белгилей кетсек, аталган объекттердин курулушу буга чейин демөөрчүлөр тарабынан башталып, кийин каржылык жана документ маселелерине байланыштуу аягына чыкпай калган. Объекттердин тиешелүү документтери каралып чыгып, курулуш иштерин улантуу милдети

Ишкер Media
Пакистан рыногуна кыргыз буюмдарын чыгаруу маселеси талкууланды

Пакистан рыногуна кыргыз буюмдарын чыгаруу маселеси талкууланды

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев 19-октябрда Пакистандын консулу Кашиф Юнис Мехер жана ишкерлер делегациясы менен менен жолугушту. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Анда пакистандык тарап зайтун майы, текстиль, косметика, курулуш материалдары жана цемент тармактарында кызматташууну сунуштап, кыргыз балын жогору баалашты. Ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдарын Пакистан рыногуна

Ишкер Media
Бүгүндөн баштап Бишкектеги фонтандар өчүрүлөт

Бүгүндөн баштап Бишкектеги фонтандар өчүрүлөт

Бүгүн быйылкы жылы шаардык фонтандардын иштөөсүнүн акыркы күнү. Сезон аяктагандан кийин адистер фонтан комплекстерин кыш мезгилине даярдоо иштерин башташат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, ишкананын кызматкерлери фонтан бассейндериндеги сууну агызып, аларды тазалашат. Ошондой эле атайын техниканын жардамы менен электр насостору жана суу чачыратуучу түтүктөр демонтаждалып, жарык берүүчү

Ишкер Media