Сузакта 7 социалдык объектте курулуш иштери кайра жанданды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда курулушу токтоп калган жети социалдык объектте курулуш иштери кайра жанданды. Бул тууралуу 20-октябрда Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Белгилей кетсек, аталган объекттердин курулушу буга чейин демөөрчүлөр тарабынан башталып, кийин каржылык жана документ маселелерине байланыштуу аягына чыкпай калган.
Объекттердин тиешелүү документтери каралып чыгып, курулуш иштерин улантуу милдети Турак жай-жарандык курулуш департаментине жүктөлгөн.
Маалыматка ылайык, учурда аталган объекттердин курулушу Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Алардын катарында:
• Жаңы-Жер айылындагы 50 орундуу бала бакча;
• Төбөй айылындагы 120 орундуу «Баластан» бала бакчасы;
• Таштак айылындагы 120 орундуу «Жеткинчек» бала бакчасы;
• Боз-Чычкан айылындагы 120 орундуу бала бакча;
• Комсомол айылындагы 150 орундуу «Арууке» бала бакчасы;
• Багыш айыл аймагындагы № 9 И. Мичурин атындагы орто мектептин 750 орундуу кошумча имараты;
• Кыргыз-Абад айылындагы 75 орундуу бала бакча бар.