Өлкөдө алимент төлөбөгөндөрдүн карызы 6 млрд сомго жетти

Өлкөдө алимент төлөбөгөндөрдүн карызы 6 млрд сомго жетти

Кыргызстанда алимент төлөбөй жүргөн жарандардын жалпы карызы 6 миллиард сомго жакындады. Бул тууралуу "Спутник радиосуна" Сот аткаруучулар кызматынын өкүлү Болот Молдобеков билдирди. 

Молдобековдун айтымында, алимент өндүрүү боюнча кайрылгандар көбөйүп, өндүрө албай даттангандар азайган. 

"2026-жылдын тогуз айында ИИМге 1 623 материал жөнөтүлүп, 1 408 иш козголгону айтылды, анын 982си сотко өткөн. Молдобеков алиментти үч ай төлөбөгөндөрдү сот үч суткага камакка алышы мүмкүн экенин, бир жылдан ашык төлөбөгөндөр үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын белгиледи. Карызкор аты-жөнүн өзгөртсө да өлкөдөн чыгууга коюлган чектөө алынбайт", - деп билдирет сот аткаруу кызматынын өкүлү.

Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына караганда, 2025-жылы алимент өндүрүү боюнча 60 720 иш өндүрүшкө алынган. Учурда жашы жете элек балдарына алимент төлөөдөн качып жүргөн 1 204 адам издөөдө.

Алимент төлөбөгөн жарандарды сот аркылуу эркиндигинен ажыратуу тажрыйбасы Кыргызстанда быйылкы жылдан тартып ишке аша баштады. Буга чейин өлкөнүн айрым аймактарында алимент төлөбөй жүргөн жарандар кесилип, сот залынан камакка алынышкан. Ошондой эле 400-500 миң сомдон 1 миллион сомго чейинки алимент карызы бар жарандардан каражат өндүрүлгөнү маалымдалган.

Өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөй турганы расмий айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Өкмөт башчы айыл чарба продукциясынын экспорту көбөйгөнүн айтты

Өкмөт башчы айыл чарба продукциясынын экспорту көбөйгөнүн айтты

Өлкөдө айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо көлөмү артып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Агроөнөржай комплексинин кызматкерлерин кесиптик майрымын менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз балы жана жаңгагы, малина менен кулпунайы чет элдик жана жергиликтүү керектөөчүлөр арасында суроо-талапка ээ.  "Акыркы

Ишкер Media
Өлкөгө 9,6 млн сомдук 376 зер буюмду мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Өлкөгө 9,6 млн сомдук 376 зер буюмду мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

"Манас" эл аралык аэропортунда баасы 9,6 млн сомдон ашкан зер буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, текшерүүдө коштомо документи жок 376 зер буюм табылган. Анын ичинен 147си алтын буюм, салмагы 396 грамм, ал эми 229у күмүш буюм, салмагы

Ишкер Media
Чүйдө 50дөн ашык унаа текшерилип, 67,5 миң сом айып салынды

Чүйдө 50дөн ашык унаа текшерилип, 67,5 миң сом айып салынды

Чүй облусунда автоунаалардан чыккан зыяндуу заттарды текшерүү боюнча рейд уюштурулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы 50дөн ашык жүк ташуучу унааны текшерген. Текшерүүдө унаалардын чыккан газындагы зыяндуу заттар белгиленген ченемден ашып кеткени аныкталган. Мыйзам бузуулар боюнча 9 административдик протокол

Ишкер Media
Ошто 980дей адамга иш бере турган өнөр жай комплекси курулууда

Ошто 980дей адамга иш бере турган өнөр жай комплекси курулууда

Ош шаарынын аймагында 69,76 гектар жер тилкесинде "Агро өнөр жай комплекси" курулууда. Бул тууралуу бүгүн Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, комплекс 18 лотко бөлүнөт. Эт-сүт багытында мал багуу үчүн сарайларды жана эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын курууга фермердик чарбаларга жана ишкерлерге ижарага

Ишкер Media