Чүйдө 50дөн ашык унаа текшерилип, 67,5 миң сом айып салынды
Чүй облусунда автоунаалардан чыккан зыяндуу заттарды текшерүү боюнча рейд уюштурулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы 50дөн ашык жүк ташуучу унааны текшерген. Текшерүүдө унаалардын чыккан газындагы зыяндуу заттар белгиленген ченемден ашып кеткени аныкталган.
Мыйзам бузуулар боюнча 9 административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 67 миң 500 сомдук айып пул салынды.
Аталган башкармалык абанын булганышын азайтуу максатында рейддерди улантарын билдирди.