Кыргызстан 2030-жылга чейин жылдык экономикалык өсүштү кеминде 8% сактоону көздөйт

Кыргызстан 2030-жылга чейин жылдык экономикалык өсүштү кеминде  8% сактоону көздөйт

Кыргызстан 2030-жылдын аягына чейин ички дүң продуктунун реалдуу өсүшүн жылына кеминде 8% деңгээлинде сактоону көздөйт. Ошондой эле чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын жыл сайын 20%га көбөйтүү максаты коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысы алдыдагы беш жылда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын белгилеп, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу жана өндүрүштү өнүктүрүү артыкчылыктуу милдеттерден болорун айтты.

Анын белгилешинче, экономикалык өсүштүн негизин экспортко багытталган сервистик-индустриалдык модель түзөт. Ал экспорттолуучу кызмат көрсөтүүлөргө жана кошумча наркы жогору өнөр жай продукциясын өндүрүп, тышкы рынокторго чыгарууга таянат.

Президент Министрлер кабинетине жана борбордук мамлекеттик органдарга белгиленген максаттарга жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media
Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду. Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. "Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл

Ишкер Media
Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Кыргызстанда инвестиция тартууда долбоорлордун санына эмес, алардын сапатына, экономикалык натыйжалуулугуна жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кошкон салымына басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунуш кылдат талданып, мамлекет жана инвестор

Ишкер Media
Садыр Жапаров соода жана бажы саясатын жаңылоону тапшырды

Садыр Жапаров соода жана бажы саясатын жаңылоону тапшырды

Кыргызстанда соода жана бажы саясатын жаңылоо аркылуу ата мекендик товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы рынокторго чыгышын кеңейтүү пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу үчүн ата мекендик товарларды эл аралык рынокторго активдүү чыгаруу жана экспорттук ишмердикке байланышкан жол-жоболорду жакшыртуу

Ишкер Media