Садыр Жапаров соода жана бажы саясатын жаңылоону тапшырды
Кыргызстанда соода жана бажы саясатын жаңылоо аркылуу ата мекендик товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы рынокторго чыгышын кеңейтүү пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди.
Президенттин айтымында, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу үчүн ата мекендик товарларды эл аралык рынокторго активдүү чыгаруу жана экспорттук ишмердикке байланышкан жол-жоболорду жакшыртуу зарыл.
Бул багытта соода байланыштарын өнүктүрүү жана товарлардын кыймылын жеңилдетүүгө багытталган чараларга көңүл бурулат.