Кыргызстанда экспортко багытталган өндүрүш ишканалары колдоого алынат
Кыргызстанда экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө, чийки затты терең кайра иштетүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгарууга басым жасалат. Бул үчүн бир катар өнөр жай тармактарындагы ишканаларга колдоо көрсөтүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, алдыдагы беш жылда экономикалык өсүштүн негизин экспортко багытталган сервистик-индустриалдык модель түзөт. Анын алкагында өндүрүштү технологиялык жактан жаңылоо, заманбап технологияларды киргизүү жана ишканаларды региондук жана дүйнөлүк кошумча нарк чынжырларына интеграциялоо зарыл.
Президент тамак-аш, курулуш, фармацевтика, химия жана жеңил өнөр жайы, чакан машина куруу, ошондой эле минералдарды жана мунайды кайра иштетүү тармактарында экспорттук мүмкүнчүлүгү бар өндүрүштөр колдоого алынарын белгиледи.
Ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүү ички керектөөнү камсыз кылуу менен гана чектелбестен, тышкы рынокторго да багытталышы керектигин айтты. Анын пикиринде, ата мекендик сүт азыктары коңшу өлкөлөрдүн дүкөндөрүндө да сатылышы зарыл.
Мындан тышкары, технологиялык жаңыланууга, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана өндүрүштү жергиликтүү шарттарда өнүктүрүүгө багытталган ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт.