Президент: Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот
Манас шаарына өлкөнүн экинчи экономикалык борбору катары өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди.
"Ал өлкөнүн түштүгүндөгү негизги транспорттук-логистикалык хабга жана ишкердик борборго айланат", - деди президент.
Ошондой эле өлкө башчы аймактарды өнүктүрүү деңгээлин теңдештирүү, бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү, жаңыдан түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин ресурстук базасын кеңейтүү жана өнүгүүнүн негизги таяныч борборлору катары шаарларды өнүктүрүү боюнча иштер улантыларын кошумчалады.