Тогуз-Тородо 150 орундуу мектеп жана эки бала бакча курулууда
Тогуз-Торо районунда жаңы мектеп жана эки бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарында маалымдалды.
Билдирүүгө караганда, Арал айылында 75 орундуу "Айзирек" бала бакчасы курулууда. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 43,7 млн сом бөлүнгөн.
Ал эми Карл-Маркс айылында 150 орундуу №11 "Саймалуу-Таш" атындагы орто мектебинин курулушу жүргүзүлүүдө. Ага Турукташтыруу фондунан 106 млн сом каралган.
Мындан тышкары, Дөдөмөл айылында 70 орундуу "Наристе" бала бакчасы курулууда. Долбоордун наркы 49,8 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.