Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталып, жалпы 60 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксат документтери жок кум-шагыл казуу фактысы аныкталып, 20 миң сом айып салынган.

Ошондой эле Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагындагы Жазы дарыясынын жээгинен мыйзамсыз кум-шагыл казган жарандарга жалпы 40 миң сом айып пул салынып, колдонулган техникалар дарыянын нугунан чыгарылган.

Мындан тышкары, Папан суу сактагычынын администрациясына жана айыл өкмөтүнө аймакты таштандылардан тазалоо боюнча эскертүүлөр берилген.

Рейд учурунда балыкчыларга экологиялык талаптарды жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

"Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын отканаларынан жылуулук алган объектилердин 97 пайызга жакыны жылуулукка кошулду. Бишкек мэриясы билдиргендей, учурда абоненттерди жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин улантылууда. Бүгүн саат 10:00гө карата отканаларды ишке киргизүү жана объектилерди жылуулук менен камсыздоо көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: * Отканаларды ишке киргизүү — 99%; * Саламаттык сактоо мекемелери — 100%

Ишкер Media
Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг

Ишкер Media
Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

29-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууга Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Адам Тибо катышты. Тараптар 2026-2030-жылдарга кайтып келген

Ишкер Media
Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2030-жылга чейинки "Кесипкөй кадрлар" программасынын долбоорун сунуштады. Анда учурда иштеп жаткан же кесиптик билим алып жаткан жаштарга бир катар жеңилдиктер каралат. Министрликтин маалыматы боюнча бул программанын алкагында кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде кеминде алты айлык милдеттүү өндүрүштүк практика киргизилет. "

Ишкер Media