Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады
29-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жолугушууга Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Адам Тибо катышты.
Тараптар 2026-2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын жана CIPE ишке ашырып жаткан CAMEP – Борбордук Азиядагы миграция жана ишкердик программасын талкуулашты.
Программа мигрант-ишкерлердин экономикалык реинтеграциясына жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталган.