Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2030-жылга чейинки "Кесипкөй кадрлар" программасынын долбоорун сунуштады. Анда учурда иштеп жаткан же кесиптик билим алып жаткан жаштарга бир катар жеңилдиктер каралат. Министрликтин маалыматы боюнча бул программанын алкагында кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде кеминде алты айлык милдеттүү өндүрүштүк практика киргизилет.
"Жаштар үчүн өнөктөш ишканаларда акы төлөнүүчү стажировкалар каралып, бүтүрүүчүлөрдү алгачкы эки жыл бою жумушка алган ишкерлерге субсидия берилет. Мындан тышкары, мамлекеттик органдарда практика өтүүгө шарт түзүлөт.
Аны менен бирге чоңдорду үзгүлтүксүз окутуу колго алынып, үч айлык кайра даярдоо, алты айлык квалификацияны жогорулатуу программалары, онлайн-курстар жана билим берүү ваучерлери сунушталат", - деп жазылат маалыматта.
Учурда жалпысынан 80 миң адамды кайра окутуу пландалууда. Өлкөнүн артыкчылыктуу тармактары болгон өнөр жай, курулуш, зергерлик, санариптик чөйрө жана агроөнөр жай секторлору үчүн 150 миң жумушчу кадр даярдалат.
Анын ичинен 100 миң адамга санариптик көндүмдөр үйрөтүлмөкчү. Бул программаны ишке ашыруу кадр жетишсиздигин жоюуга, калктын кирешесин көтөрүүгө жана жаштардын миграциясын азайтууга өбөлгө түзөт.