Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Кыргызстанда бир ири компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты.

Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик жүргүзүү үчүн Улуттук банктын лицензиясы талап кылынат. Кайрат Маматов ал ишкана боюнча чогултулган материалдар ИИМге өткөрүп берилгенин, териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалап, бирок аталышын айткан жок.

"Жарандарга 18-28% чейин пайыздык кирешени убада кылып, 5 млрд сом чогултуп алышыптыр. 3,5 млрд сомдой каражаты калыптыр. Биз ишти көзөмөлгө алып, ага тиешелүү адамдардын чет өлкөгө чыгышына чектөө коюлду. Элдин акчасын кайра кайтаргыла деп талап коюп атабыз", - деди ал.

Кыргызстанда каржы пирамидасынан жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. Адистер аны баштаган саналуу адамдар гана киреше таба аларын, калгандарында андай мүмкүнчүлүк болбой турганын, бул кадимки алдамчылык экенин эскертип келишет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты