Саламаттык сактоо министри Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда. Бул туурасында министрликтен кабарлады.
Министр өз сөзүндө заманбап технологиялар, илимий билим жана кесиптик тажрыйба менен алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Осмонов Кыргызстан медициналык билим берүү, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, санариптик саламаттык сактоо, телемедицина, ошондой эле диагностиканын жана дарылоонун заманбап ыкмалары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Министр медициналык университеттердин, илимий-изилдөө борборлорунун жана клиникалардын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын, стажировкаларды жана академиялык алмашууларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурду.
Конгресстин күн тартибине саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугу, медициналык илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү, фармацевтика, вакциналар, биотехнологиялар, санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект маселелери киргизилген.