Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Кыргызстанда турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу каралган. Ал өлкө мыйзамдарына ылайык шаарларда да, айыл жергесинде да колдонулат. Алдыда турак жайды камсыздандыруу акысы, керектүү документтер, бүгүнкү күнгө карата аткарылган төлөмдөр тууралуу сөз кылабыз.

"Ишкер" медиа сайтынын суроолоруна Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматынан жооп беришти.

— Өлкөдө турак жайды камсыздандыруу канча сом турат?

Кыргызстанда турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун жылдык баасы турак жайдын жайгашкан жерине жараша аныкталат. Тактап айтканда,
  • Шаарларда - жылына 1 200 сом;
  • Айыл жерлеринде - жылына 600 сом.

Камсыздандыруу акысы турак жайдын аянтына же базардагы наркына жараша эмес, анын шаарда же айыл жеринде жайгашканына жараша белгиленет.

Камсыздандыруу учуру катталган учурда төлөнүүчү кенемтенин өлчөмү келтирилген зыяндын көлөмүнө жана мыйзамда белгиленген эсептөө тартибине ылайык аныкталат.

— Эмне үчүн Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу маанилүү?

Кыргызстан тоолуу аймакта жайгашкандыктан, жер титирөө, сел, суу ташкыны, жер көчкү жана башка табигый кырсыктардын коркунучу бар. Мындан тышкары, өрт кырсыктары да жарандардын турак жайына жана мүлкүнө олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Мындай кырсыктар күтүүсүз келип чыгып, үй-бүлөлөргө чоң материалдык чыгым алып келет.
Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу кырсык болгон учурда келтирилген зыяндын ордун мыйзамда белгиленген чектин алкагында толтурууга жардам берет.

Бул механизм жарандардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоого, турак жайын калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарды азайтууга жана үй-бүлөлөрдүн каржылык туруктуулугун сактоого багытталган.

— Эгерде камсыздандыруу суммасы зыяндын ордун толтура албаса, эмне кылса болот?

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдүн өлчөмү мыйзамда белгиленген камсыздандыруу суммасынын чегинде аныкталат. Эгерде турак жайга келтирилген зыян бул суммадан ашып кетсе, милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөм бардык чыгымды толук жаба албай калышы мүмкүн.

Мындай жагдайда жарандарга турак жайын милдеттүү камсыздандыруудан тышкары, кошумча ыктыярдуу камсыздандырууну тариздөө сунушталат. Бул турак жайды камсыздандыруу менен камтуунун көлөмүн кеңейтүүгө жана мүмкүн болуучу ири чыгымдардан кошумча коргонууга шарт түзөт.

Кошумча камсыздандыруунун шарттары жана камсыздандыруу суммасы турак жай ээсинин муктаждыктарына жараша тандалат.

— Камсыздандыруу үчүн кандай документтер керектелет?

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн, негизинен төмөнкү документтер талап кылынат:
  • турак жай ээсинин паспортунун же өздүгүн тастыктаган документтин маалыматтары; 
  • турак жайга менчик укугун тастыктаган документ;                                                   
  • турак жайдын техникалык паспорту.

Келишим түзүү учурунда турак жай тууралуу маалыматтар так көрсөтүлүшү керек. Зарыл болгон учурда камсыздандыруу уюму кошумча документтерди сурашы мүмкүн.

Келишимди "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын филиалдарынан жана тиешелүү сатуу түйүндөрүнөн тариздөөгө болот.

— Камсыздандыруу полиси кайсы мөөнөткө чейин колдонулат?

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишими 12 айга чейин түзүлөт. Камсыздандыруу коргоосу келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык күчүнө кирет.

Турак жай үзгүлтүксүз камсыздандыруу менен корголушу үчүн полистин мөөнөтү аяктаганда келишимди кайрадан тариздөө зарыл.

Ошондой эле келишимдин күчүнө кирүү убактысына көңүл буруу керек. Айрым тобокелдиктер, анын ичинде сел, суу ташкыны жана жер көчкү боюнча камсыздандыруу коргоосу камсыздандыруу акысы төлөнгөндөн кийин башталат.

— Турак жайды кайсы мекемеде камсыздандыруу керек?

Аны "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтан тариздөөгө болот. Жарандар уюмдун башкы кеңсесине, аймактардагы филиалдарына же тиешелүү сатуу түйүндөрүнө кайрыла алышат.
Камсыздандыруу боюнча кошумча маалымат алуу үчүн 0 (707) 54-54-00, 0 (553) 54-54-00 номерлерге чалууга болот.

— Быйыл турак жайы жабыркагандарга канча учур боюнча жана канча сом төлөм төлөндү?

2026-жылдын 28-октябрына карата турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча 315 камсыздандыруу учуруна 60 млн 172 миң 219 сом төлөнгөн.

Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү ар бир учур боюнча келтирилген зыяндын көлөмүнө жана белгиленген эсептөө методикасына ылайык аныкталат.

— Өлкөдө 2026-жылдын 26-октябрына карата канча камсыздандыруу келишими түзүлгөн?

2026-жылдын 26-октябрына карата Кыргызстан боюнча турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча 410 643 келишим түзүлгөн.

Бул көрсөткүч өлкөдөгү турак жайлардын жалпы санына салыштырмалуу камсыздандыруу менен камтуунун деңгээли болжол менен 31,7 пайызды түзгөнүн көрсөтөт.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын жыйынтыгында 358 315 келишим түзүлүп, камсыздандыруу менен камтуу деңгээли 28,6 пайызды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга Кытайдан тартылган инвестиция 2 млрд доллардан ашты

Кыргызстанга Кытайдан тартылган инвестиция 2 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Синьцзян аймагында өткөн Ишкер кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы маалымдады. Жыйында ал кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө ишкерлердин ролу маанилүү экенин белгилеп, кыргыз продукциясын Кытай рыногуна чыгаруу, жаңы транспорттук каттамдарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Анын айтымында,

Ишкер Media
Китеп басып чыгуу боюнча мамлекеттик программа талкууланды

Китеп басып чыгуу боюнча мамлекеттик программа талкууланды

МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов 2027-2030-жылдарга карата мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программага байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган программанын иш-аракеттер планы, окуу китептеринин сапатын камсыздоо, эксперттик баалоо механизмдерин өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды. Анын жүрүшүндө агартуу министрлигинин өкүлдөрү окуу китептерин эксперттик

Ишкер Media
Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитине катышып сөз сүйлөдү.  Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканына токтолуп, Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө кызыкдар

Ишкер Media
Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Кыргызстанда бир ири компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик

Ишкер Media