ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет-алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандарды жеке маалыматтарын жана аккаунттарын коргоого чакырат. Министрликтин маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн уюлдук операторлордун, банктардын же башка мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, колдонуучулардан аккаунтка кирүү үчүн ырастоо коддорун алууга аракет кылышууда. Мындай аракеттер акыркы күндөрү көбөйгөнүн MEGA оператору да билдирген.

ИИМ жарандарга мессенджерлерде эки факторлуу аутентификацияны иштетүүнү, SMS-коддорду, PIN-коддорду жана сыр сөздөрдү эч кимге бербөөнү эскертет. Ошондой эле шектүү шилтемелерге кирбөө жана белгисиз адамдардын өтүнүчү менен тиркемелерди орнотпоо сунушталат.

"Министрлик WhatsApp аккаунту бузулган учурда алдамчылар анын байланыштарына кайрылып, карызга акча сурашы мүмкүн экенин белгилеп, шектүү өтүнүчтөрдү башка байланыш каражаты аркылуу тактап алууга чакырат", -деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга Кытайдан тартылган инвестиция 2 млрд доллардан ашты

Кыргызстанга Кытайдан тартылган инвестиция 2 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Синьцзян аймагында өткөн Ишкер кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы маалымдады. Жыйында ал кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө ишкерлердин ролу маанилүү экенин белгилеп, кыргыз продукциясын Кытай рыногуна чыгаруу, жаңы транспорттук каттамдарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Анын айтымында,

Ишкер Media
Китеп басып чыгуу боюнча мамлекеттик программа талкууланды

Китеп басып чыгуу боюнча мамлекеттик программа талкууланды

МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов 2027-2030-жылдарга карата мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программага байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган программанын иш-аракеттер планы, окуу китептеринин сапатын камсыздоо, эксперттик баалоо механизмдерин өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды. Анын жүрүшүндө агартуу министрлигинин өкүлдөрү окуу китептерин эксперттик

Ишкер Media
Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитине катышып сөз сүйлөдү.  Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканына токтолуп, Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө кызыкдар

Ишкер Media
Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Кыргызстанда бир ири компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик

Ишкер Media