Аламүдүндө 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилген 0,54 гектар жайыт жери мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер тилкесинин жалпы баасы 70 млн 540 миң 200 сомду түзөт.

Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1998-жылы Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан аталган жайыт жерлери "К." жоопкерчилиги чектелген коомуна мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы аянты 0,54 гектарды түзгөн жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда социалдык жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады

Талас облусунда социалдык жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады

Талас облусунда социалдык, билим берүү, маданий жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн кошумча каражаттар бөлүнгөн. Тактап айтканда, Талас районунда объекттерди оңдоого, жол инфраструктурасын жакшыртууга, ичүүчү суу

Ишкер Media
Баткенде 40,3 миң тонна көмүр калкка жеткирилди

Баткенде 40,3 миң тонна көмүр калкка жеткирилди

Баткен облусунда 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери уланууда. Облустун көмүргө болгон жалпы керектөөсү 132–135 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калк үчүн 100,8 миң тонна көмүр талап кылынат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Билдрирүүгө ылайык, бүгүнкү күнгө карата калкка 40,3

Ишкер Media
Нарында кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар суу үчүн 1,2 млн сомдон ашык төлөм төлөштү

Нарында кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар суу үчүн 1,2 млн сомдон ашык төлөм төлөштү

Нарын облусунун Жумгал районундагы "Миң-Куш" тилкесинде кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар 2026-жылы суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн 1 млн 225 миң 331 сом төлөштү. Айыл чарба министрлигинен кабарлагандай, төлөмдөр суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүнө жана техникалык долбоордо белгиленген көлөмгө ылайык жүргүзүлдү. Ошондой эле Ат-Башы районундагы Чой-Жап өрөөнүндө

Ишкер Media
Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районундагы Төө-Жайлоосунда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү пландалууда. Бул тууралуу Райондук администрациядан кабарлашты. Бул максатта Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жеңишбек Асылбек туристтик потенциалы жогору болгон аймактарды жеринен көрүп чыкты. Алардын катарында "Алтын-Бешик" балдар лагери жайгашкан аймак да бар.

Ишкер Media