Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районундагы Төө-Жайлоосунда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү пландалууда. Бул тууралуу Райондук администрациядан кабарлашты.

Бул максатта Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жеңишбек Асылбек туристтик потенциалы жогору болгон аймактарды жеринен көрүп чыкты. Алардын катарында "Алтын-Бешик" балдар лагери жайгашкан аймак да бар.
Маалыматка ылайык, келечекте бул жерде заманбап туристтик зоналарды түзүү жана эс алуу үчүн бардык шарттары каралган комплекстерди куруу пландалууда.

Демилгелер ишке ашырылса, Төө-Жайлоосунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, районго келген туристтердин санын көбөйтүүгө жана жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар суу үчүн 1,2 млн сомдон ашык төлөм төлөштү

Нарында кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар суу үчүн 1,2 млн сомдон ашык төлөм төлөштү

Нарын облусунун Жумгал районундагы "Миң-Куш" тилкесинде кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар 2026-жылы суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн 1 млн 225 миң 331 сом төлөштү. Айыл чарба министрлигинен кабарлагандай, төлөмдөр суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүнө жана техникалык долбоордо белгиленген көлөмгө ылайык жүргүзүлдү. Ошондой эле Ат-Башы районундагы Чой-Жап өрөөнүндө

Ишкер Media
Аламүдүндө 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилген 0,54 гектар жайыт жери мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер тилкесинин жалпы баасы 70 млн 540 миң 200 сомду түзөт. Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1998-жылы Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан аталган жайыт жерлери "К.

Ишкер Media
Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 2021-2026-жылдары 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, беш жаңы объект курулган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Талас облусуна болгон иш сапары учурунда айтылды. Маалыматка ылайык, коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн Yutong үлгүсүндөгү 30 заманбап электробус сатып алынган. Шаарда ишке ашырылган ири долбоорлордун катарында "Баластан" балдар

Ишкер Media
Бишкек Аренанын жанына 2,5 миңден ашык бадал отургузулду

Бишкек Аренанын жанына 2,5 миңден ашык бадал отургузулду

Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей "Бишкек Арена" стадионунун жанындагы 750 чарчы метр аянтка 58 чынар жана 2,5 миңден ашык декоративдүү бадалдар менен көп жылдык өсүмдүктөр отургузулду. Акцияга мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана өнөктөш түзүмдөрдүн 60тан ашык өкүлү катышты. Жаңы жашыл аймак талаа көрүнүшүндө

Ишкер Media