Кыргызстан менен Азербайжан монополияга каршы кызматташууну күчөтөт
Азербайжандын Ханкенди шаарында Кыргызстандын экономика министринин орун басары Беназир Нурланова менен Азербайжандын Президентине караштуу Монополияга каршы саясат жана керектөө рыногун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Эльнур Багировдун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 61-жыйынынын алкагында уюштурулду.
Тараптар монополияга каршы саясат, атаандаштыкты коргоо жана бааларды мамлекеттик жөнгө салуу багыттарында ведомстволор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле укук колдонуу практикасы, Азербайжандын Атаандаштык жөнүндө кодексин ишке ашыруу тажрыйбасы, бааларга мониторинг жүргүзүү жана монополияга каршы көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү боюнча пикир алмашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар түз жумушчу байланыштарды чыңдоо жана эксперттик кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашты.