Бишкек Аренанын жанына 2,5 миңден ашык бадал отургузулду

Бишкек Аренанын жанына 2,5 миңден ашык бадал отургузулду

Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей "Бишкек Арена" стадионунун жанындагы 750 чарчы метр аянтка 58 чынар жана 2,5 миңден ашык декоративдүү бадалдар менен көп жылдык өсүмдүктөр отургузулду.

Акцияга мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана өнөктөш түзүмдөрдүн 60тан ашык өкүлү катышты.

Жаңы жашыл аймак талаа көрүнүшүндө жасалгаланып, стадиондун архитектурасына шайкеш келтирилди.

Иш-чараны Германиянын Бишкектеги элчилиги, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы уюштурду. Уюштурууга MoveGreen экологиялык уюму да көмөк көрсөттү.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районунда заманбап туристтик зоналар курулат

Лейлек районундагы Төө-Жайлоосунда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү пландалууда. Бул тууралуу Райондук администрациядан кабарлашты. Бул максатта Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жеңишбек Асылбек туристтик потенциалы жогору болгон аймактарды жеринен көрүп чыкты. Алардын катарында "Алтын-Бешик" балдар лагери жайгашкан аймак да бар.

Ишкер Media
Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 2021-2026-жылдары 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, беш жаңы объект курулган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Талас облусуна болгон иш сапары учурунда айтылды. Маалыматка ылайык, коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн Yutong үлгүсүндөгү 30 заманбап электробус сатып алынган. Шаарда ишке ашырылган ири долбоорлордун катарында "Баластан" балдар

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан монополияга каршы кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан монополияга каршы кызматташууну күчөтөт

Азербайжандын Ханкенди шаарында Кыргызстандын экономика министринин орун басары Беназир Нурланова менен Азербайжандын Президентине караштуу Монополияга каршы саясат жана керектөө рыногун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Эльнур Багировдун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 61-жыйынынын алкагында уюштурулду. Тараптар

Ишкер Media
Таласта 1,1 млрд сомдук келечектүү долбоорлор пландалууда

Таласта 1,1 млрд сомдук келечектүү долбоорлор пландалууда

Талас шаарын мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында жалпы наркы 1,1 млрд сомду түзгөн жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 2-ноябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоорлордун катарында 12 чакырым жолду асфальттоо жана тротуарларды куруу, автобекетти реконструкциялоо, заманбап муниципалдык автопаркты куруу каралган. Ошондой эле шаарды ичүүчү

Ишкер Media