Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү
Талас шаарында 2021-2026-жылдары 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, беш жаңы объект курулган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Талас облусуна болгон иш сапары учурунда айтылды.
Маалыматка ылайык, коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн Yutong үлгүсүндөгү 30 заманбап электробус сатып алынган.
Шаарда ишке ашырылган ири долбоорлордун катарында "Баластан" балдар оюн-зоок борбору, "Баатырлар" борбордук паркы, жаңыланган борбордук аянт, "Акылман" президенттик лицейи, "Талас Арена" стадиону жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймактык филиалы бар.