Садыр Жапаров Талас шаарынын 5 жылдык өнүгүүсү менен таанышты

Садыр Жапаров Талас шаарынын 5 жылдык өнүгүүсү менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы 5 жылда шаардын жергиликтүү бюджетинин көлөмү 4 эседен ашык көбөйгөн. Тактап айтканда, 2021-жылы 224 млн сомду түзсө, 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 947,6 млн сомго жетери күтүлүүдө.

Ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,3 млрд сомдон 3 млрд сомго чейин өскөн. Ал эми инвестициялардын көлөмү 515,6 млн сомдон 8,2 млрд сомго чейин көбөйгөн.

Жалпысынан шаарда 11,8 млрд сомдук бир катар ири долбоорлор ишке ашырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 5 жылда 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Талас шаарында 2021-2026-жылдары 35 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, беш жаңы объект курулган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Талас облусуна болгон иш сапары учурунда айтылды. Маалыматка ылайык, коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн Yutong үлгүсүндөгү 30 заманбап электробус сатып алынган. Шаарда ишке ашырылган ири долбоорлордун катарында "Баластан" балдар

Ишкер Media
Бишкек Аренанын жанына 2,5 миңден ашык бадал отургузулду

Бишкек Аренанын жанына 2,5 миңден ашык бадал отургузулду

Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей "Бишкек Арена" стадионунун жанындагы 750 чарчы метр аянтка 58 чынар жана 2,5 миңден ашык декоративдүү бадалдар менен көп жылдык өсүмдүктөр отургузулду. Акцияга мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана өнөктөш түзүмдөрдүн 60тан ашык өкүлү катышты. Жаңы жашыл аймак талаа көрүнүшүндө

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан монополияга каршы кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан монополияга каршы кызматташууну күчөтөт

Азербайжандын Ханкенди шаарында Кыргызстандын экономика министринин орун басары Беназир Нурланова менен Азербайжандын Президентине караштуу Монополияга каршы саясат жана керектөө рыногун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Эльнур Багировдун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 61-жыйынынын алкагында уюштурулду. Тараптар

Ишкер Media
Таласта 1,1 млрд сомдук келечектүү долбоорлор пландалууда

Таласта 1,1 млрд сомдук келечектүү долбоорлор пландалууда

Талас шаарын мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында жалпы наркы 1,1 млрд сомду түзгөн жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 2-ноябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоорлордун катарында 12 чакырым жолду асфальттоо жана тротуарларды куруу, автобекетти реконструкциялоо, заманбап муниципалдык автопаркты куруу каралган. Ошондой эле шаарды ичүүчү

Ишкер Media