Сузакта эки мектептин администрациясы айыпка жыгылды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки мектептин аймагында тиричилик калдыктарын атайын белгиленбеген жерге төгүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө №90 Манас атындагы жана №1 Мадумар-Ата атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин аймагында таштандылар белгиленбеген жерлерге топтолгону аныкталган.
Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, ар бир мектептин администрациясына 17 миң сомдон айып пул салынып, жалпы суммасы 34 миң сомду түздү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу