Өлкөдө пайдубалы түптөлө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салынды

Өлкөдө пайдубалы түптөлө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салынды

Кыргызстанда курулуштун "нөл цикли" (имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук бүткөн баскыч) аяктаганга чейин турак жайларды жана коммерциялык объектилерди сатууга жана жарнамалоого тыюу салынды.

Маалыматка ылайык, бул талап курулуш министри Нурдан Орунтаевдин буйругу менен бекитилген.
Эми пайдубал куюлуп, жер алдындагы бардык курулуш иштери толук бүткөндөн кийин гана жарнама берүүгө, сатууга жана келишим түзүүгө болот.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти мыйзам бузууларды көзөмөл кылат.

Учурда департамент тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш компанияларынын жетекчилерине буйруктун талаптары тааныштырылып, белгиленген тартипти сактоо жана мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.

Мекеме мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда жоопкерчилик каралганын эскертти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат

Автоунааларды бажылык тариздөө 10 мүнөткө жетпеген убакытта өтүп калды

Фермерлерге айыл чарба техникасын алууга 44,61 млн доллар бөлүнөт

Манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон сый акы төлөп туруу сунушталууда

Нарындагы саркынды суу тазалоочу жайдын курулушу 30 %га аткарылды